24.kg
12:37, 24 июня 2020, 24.kg

Прокурорлор Албек Ибраимовго 20 жыл, Кубанычбек Кулматовго 15 жыл суранышууда

Бишкек шаардык сот калаанын экс-мэрлеринин иши боюнча айыпталуучулардын адвокаттары тарабынан жазылган кайра карап чыгуу ишин улантып жатат. Сот Адис Момуналиевдин төрагалыгынын алдында өтүүдө.

Сотто тарапташтардын талкуусу уланууда. Экс-мэр Албек Ибраимовго карата прокурорлор 20 жыл эркинен ажыратууну жана кызмат өтөгөн үч жыл ичиндеги мүлктөрүн конфискациялоону суранышууда.

Ал эми Кубанычбек Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратып, мүлктөрүн конфискациялап, сот залынан камакка алууну суранышты.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Ленин райондук сот Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратып, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салган. Калган айыпталуучуларга да айып салынган.

Бир кылмыш ишинде бир нече эпизоддор камтылган: «Калыс-Ордо» конушундагы мектепти кытай грантына куруу, «Солнечный берег» пансионатын жана «Дастан» ААКын сатуу, муниципалдык жер участокторун жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга берүү боюнча.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18