24.kg
11:59, 24 июня 2020, 24.kg

Жогорку Кеңеш: ПЦР-анализ тапшыра элек депутаттарды издеп жатабыз

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар ПЦР-анализ тапшырыша элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине парламенттен билдиришти.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбековдун айтымында, алар кимдер экендиги учурда такталып жатат. Ал кошумчалагандай, парламентте коронавирус аныкталгандан тартып бардык депутаттар анализ тапшырууга милдеттүү.

Эл депутаттары оорунун белгилери байкалбаса ПЦР-анализди өз чөнтөктөрүнөн төлөп тапшырышат.

Буга чейин «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдиновдон коронавирус аныкталган. Ал бир гана спикер Дастанбек Жумабековдон башка бардык кесиптештери менен байланышта болгон. Ошондой эле «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевден вирус аныкталды.

«Бир бол» жана КСДП парламенттик фракцияларынын депутаттарынан коронавирус аныкталган жок.

Парламенттин басма сөз кызматы бул маалыматтын купуялуулугун айтып, вируска чалдыккандар тууралуу ачык айтуудан баш тартты. Белгилей кетүүчү нерсе, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана республикалык штаб илдетке чалдыккандар байланышта болгон адамдардын баарын ачык айтуусу керектигин эскертип келет. Бул маалымат байланыш чөйрөсүн түзүүгө жана инфекцияны жуктуруп алгандарды аныктоо үчүн маанилүү.

18-июнда Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталган. 22-июнда Жогорку Кеңештин аппарат жетекчилигинин үч кызматкеринен коронавирус аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18