24.kg
09:25, 24 июня 2020, 24.kg

Шамалды-Сайда аялын сабап, андан соң зордуктаган адам алты жылга соттолду

Таш-Көмүр шаардык соту жарандык никедеги аялын сабап, андан соң зордуктаган жаранды күнөөлүү деп таап алты жыл эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Такталгандай, 2020-жылдын мартында Шамалды-Сайда күйөөсү аялын көчөдөн ур-токмокко алган. Андан соң аны зордуктаган.

«Айыпталуучу аялдын үйүнө терезеден кирип, оозун жаап алып зордуктаган. Соттук отурум учурунда айыпкер жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, чындыгында эле өзүнүн жарандык аялына кол көтөргөн, бирок аял өз эрки менен жыныстык катнашка барган. Эгер зордуктоо фактысы болсо башка комнатада ойноп жаткан балдар угушмак. Ал эми жабырлануучунун айтымында, жаңжал ажырашуу маселесинен келип чыккан. Күйөөсүнө ал ажырашууну сунуштаганда үйү жагынан сабап, андан соң түндөсү аны өлтүрөм деп коркутуп зордуктаган», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18