24.kg
15:28, 23 июня 2020, 24.kg

Эгер калаада абал турукташпаса Бишкек жабылышы мүмкүн

Эгер июлдун ортосунда Бишкек шаарында коронавирус илдети басаңдабаса анда шаар жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев 24.kg агенттигине билдирди.

Балбак Түлөбаев бул анын жеке пикири экендигин баса белгиледи.

«Илдетке чалдыккандардын саны өсүп жатат. Ал эми эл санитардык талаптарды сактабай жатат. Бул чынжырчанын учун үзүш керек» , - дейт Балбак Түлөбаев.

Кошумчалай кетсек, Балбак Түлөбаевдин бул биринчи билдирүүсү эмес. Буга чейин ал кырдаал начарлап кетсе борборду жабабыз деп коркуткан. Бирок Кубатбек Боронов азырынча калааны жабуу чарасы боюнча планда жок экенин билдирген.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 3 миң 519га жетти, ал эми анын ичинен 1 миң 242си айыккандар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18