24.kg
14:02, 23 июня 2020, 24.kg

Абылгазиевди узатуу. Өкмөт мүчөлөрүнө салынган айып 140 миң сомду түзөт

Өкмөт мүчөлөрүнө мурдакы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу учурунда бет кап режимин жана санитардык аралыкты сактабагандыктары үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору маалымдады.

Маалым болгондой, жалпы 28 аткаминерге айып пул чегерилген. Алардын арасында премьер-министр Кубатбек Боронов, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана вице-премьер-министрлер бар.

Административдик жаза, Бузуулар кодексинин «150-Коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиена стандарттарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу» беренеси боюнча жүргүзүлөт.

Айып пулдун жалпы суммасы 140 миң сомду түзөт.

Эске салсак, социалдык тармакта өкмөттү өкүлдөрү санитардык норманы сактабагандыгы үчүн катуу сынга алынган.  Кийин президент министрлер кабинетинен айып пул төлөөнү талап кылган.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18