24.kg
12:18, 23 июня 2020, 24.kg

«Кыргызалтын» компаниясынын орун басары Жумадилде уулу Мурадил отставкага кетти

«Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жумадилде уулу Мурадил жумуштан кетти. Бул тууралуу маалыматты компаниянын пресс-кызматы 24.kg агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, Жумадилде уулу Мурадил өз эрки менен жумуштан кетүү арызын жазган.

Эске сала кетсек, ал 2018-жылдын 18-октябрында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин сунушунун негизинде, «Кыргызалтын» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын экономика, финансы жана инвестиция боюнча орун басары болуп шайланган.

Анын ордуна ким келери азырынча белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18