24.kg
12:02, 23 июня 2020, 24.kg

Сен Таластын душманысың. Таластыктар Рыскелди Момбековду сүйлөтпөй коюшту

Талас облусунун тургундары Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун иш-аракеттерин катуу сындашты. Жолугушуу учурундагы видеону окурмандардын бири 24.kg агенттигине жөнөттү.

Белгиленгендей, депутат жергиликтүү тургундар менен жолугушууга барган. Брок эл аны сынга алышкан.

«Сен бул жака эмнеге келдиң? Сен бул шаардын душманысың, Талас үчүн эмне кылдың эле? Рыскелди, мен сени беш колумдай билем. Кимдин эсебинен байыганыңды дагы билем. Биздин районго тийишпе, бар Кара-Буурага барып Чыңгыз Айтматовдун эстелигин тургуз», — дейт Таластын тургуну.

Ал адамды милиция кызматкерлери оолактатканына карабай ал өзүнүн соо экендигин далилдегенге аракет кылган.

Депутат Рыскелди Момбеков окуяны видеого тартпоону суранган. Андан соң ал машинасына отуруп алганын көрүүгө болот. Милиция кызматкерлери видеого тартып жаткандардын телефондорун алдырууга аракет кылышкан, бирок алар ансайын ачууланып, окуяны аягына чейин тартканга үлгүрүшкөн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18