24.kg
11:14, 23 июня 2020, 24.kg

Депутат: Мигранттар мекендерине кайтуудан мурун тест тапшыруусу керек

Депутат Дастан Бекешев мигранттар мекенине кайтып келгенге чейин тест тапшырып, коронавируска текшерилүүсү керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу кененирээк 24.kg агенттигине айтып берди.

Депутаттын айтымында, ПЦР-анализдери терс болуп чыккандарды белгилери байкалбагандардай эле үй карантинине жиберүү керек.

«Мигранттар мекенине кайтаардан мурун ПЦР-тест тапшырышсын. Мындай жол менен биз аларды карантиндик аймакка жеткирүүдөгү жана текшерүү жүргүзүүгө кеткен убакытты үнөмдөйбүз. Эгер анализинин жыйынтыгы начар чыкса анда дарылайбыз. Эгер анын белгилери байкалбаган болсо анда аны үй карантинине жөнөбүз. Азыр өтө кооптуу тенденция жүрүп жатат. Айрым Кыргызстанга кайтып келе албай калгандар топ-топ болуп чогулуп, бул жактагы туугандарын сүрөп, Ак үйгө митингге чыгып, мигранттарды Кыргызстанга кайтарууну талап кылышат», — дейт Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-мартта Троицк жана Соль-Илецк шаарында (Россия) калып калган кыргыз жарандарын куткарууну жана үйлөрүнө кайтарып алууну талап кылып 24.kg агенттигине кыргыз жарандары кайрылган. Алардын айтымында, Россиядагы кыргыз элчилиги эч кандай чара көрбөй жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18