24.kg
10:52, 23 июня 2020, 24.kg

Баткенде кызматтык унааны дем алышта колдонгон аткаминерлерге айып пул салынат

Баткен облус аймагында мамлекеттик ишканалардын кызматтык унааларын дем алыш күндөрү пайдаланган айдоочулар көзөмөлгө алынып, айып пулдар салынат. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары аткаминерлер ишемби, жекшемби күндөрү кызматтык унааны колдонууга уруксат кагазын жана жумуш менен бара жаткан багытын далилдеп берүүсү керек.

«Бир жума ичинде башкача айтканда 15-июнунан 21-июнуна чейинки аралыкта Бузуулар Кодексинин негизинде 611 протокол түзүлгөн. Алардын ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар — 143, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулар — 13, мас абалда унаа башкаргандар −11, айнегин караңгылаткандар −3. Жума ичинде 5 жол кырсыгы катталып, каза болгондор жок», — дейт ИИБ.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18