24.kg
10:27, 23 июня 2020, 24.kg

Жаңы-Жер айылынын үч тургунунан коронавирус аныкталды. Амбулатория жабык

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылынын үч тургунунан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Алардын айтымында, Жалпы медициналык практика борборунун амбулатордук борбору жана муниципалдык базар дезинфекциялоо үчүн үч күнгө жабылган. Соода-сатык түйүндөрдүн жана дүкөндөрдүн иштөө убактысына чектөө киргизилген.

«Коронавирустун жайылуу коркунучунан улам зарылчылыгыңыздар болбосо үйдөн чыкпай турууга, коомдук жайларга барбоого, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрбөй турууга жана жеке коргонуу каражаттарын пайдаланууну суранам», — деп кошумчалады администрация.

Бир суткада 163 кишиден вирус аныкталды. Кыргызстан боюнча жалпы вирус жуктургандардын саны 3 миң 519га жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18