24.kg
09:49, 23 июня 2020, 24.kg

Социалдык тармактарда бийликти кулатууга үндөгөн эки жаран издөөгө алынды

Кыргызстанда өкмөттү кулатууга үндөгөн аудио жазууларды тараткан эки киши издөөгө алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунун 39 жаштагы тургуну социалдык тармактарга тогуз мүнөттүк аудио жазууларды тараткан, анда 1-июлда Жогорку Кеңештин алдына нааразычылык митингин өткөрүү боюнча жазылган.

Факт Кылмыштардын жана доруктардын бирдиктүү реестрине «Бийликти күч менен басып алууга үндөө» беренеси боюнча катталды.

Ушундай эле Москвада жашаган 31 жаштагы кыргызстандык жаран парламенттин имаратын өрттөө урааны менен чакырык таштаган.

ИИМдинТергөө кызматы соттук-лингвистикалык экспертизаларды дайындады, шектүүлөрдү кармоо үчүн ыкчам чаралар көрүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18