24.kg
09:26, 23 июня 2020, 24.kg

Бишкекте туристтик полиция сууга чөгүп бараткан адамдын өмүрүн сактап калды

Бишкекте туристтик полиция сууга чөгүп бараткан адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу борбордогу ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал киши Пионерское көлүнө достору менен келген. Сууга түшүүгө камынып жээктен сүзүп өткөн соң ал чөгүп баштаган. Жардам сурап элге кайрылганда аймакты кайтарган туристтик полиция кызматкерлери ага жээкке чыгууга жардам беришкен.

«Дарыгерлер менен биргеликте укук коргоо органдарынын кызматкерлери ал кишиге биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн», — деп билдирет ИИБдин пресс-кызматы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18