24.kg
17:44, 22 июня 2020, 24.kg

Мэрия: бет капсыз жүргөн жүргүнчүлөр коомдук транспорттордон түшүрүлөт

Бишкекте мэрия кызматкерлери коомдук транспортко бет кабы жок түшкөн жүргүнчүлөрдү унаадан түшүрүп жатышат. Бул тууралуу калаанын мэриясынан билдиришти.

«Бизди кечиргиле, бирок биздин мындан башка жол жок. Чараны аткарбаган бет капсыз түшкөн жүргүнчүлөрдү унаадан түшүрөбүз», — дешет мэрия кызматкерлери рейд учурунда.

Алар жүргүнчүлөрдөн транспорттун салонунан чыгып кетүүнү талап кылып, жакынкы аралыктагы аптекалардан бет кап сатып кийип алып, андан соң сапарларын улоосун суранышууда.

Бишкек шаарынын тургундары бул жол менен эч нерсени өзгөргө алышпайт деп эсептешет.

«Москва жана Совет көчөсүндө автобуста бара жатсак бет кабы жок жүргүнчүлөрдү түшүрүп коюшту, ал эми кийинки аялдамадан алардын ордуна ошончо жүргүнчү отурду. Алардын дагы бет каптары жок. Мындан эч кандай пайда чыкпайт, андан көрө энергияңарды эффективдүүрөөк чараларга короткулачы. Айтмакчы, маршрутта жүргүнчүлөрдүн 50 пайызы бет капсыз жүрүшөт», — деп жазышкан Twitter колдонуучулар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18