24.kg
16:04, 22 июня 2020, 24.kg

Жалал-Абад мэриясынын дагы үч кызматкеринен коронавирус аныкталды

Жалал-Абад мэриясынын дагы үч кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Такталгандай, калаанын башчысы Мураталы Тагаевден коронавирус аныкталгандан кийин мекемеде эмгектенген бардык кызматкерлер анализ тапшырышкан. Алардын ичинен үчөөнүн анализи коронавирус болуп чыкты. Кайдан жугузуп алгандары азырынча белгисиз.

Маалыматка караганда, мэриянын айрым кызматкерлери аралыкта иштөөгө жөнөтүлгөн.

Жалал-Абад облусунун мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алган, жана ал кайдан жуктуруп алгандыгы азырынча белгисиз. Оору жеңил өтүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18