24.kg
15:54, 22 июня 2020, 24.kg

Таласта соода түйүндөр менен базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылды

Таласта бардык соода түйүндөр жана базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылды. Бул тууралуу мэр Айдар Жусупбеков 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, облустук штаб коронавирустун жайылышын алдын алуу иретинде ар дүйшөмбүнү санитардык тазалоо күнү деп чечим кабыл алган.

«Баардык мекеменин кызматкерлери дезинфекциялоого милдеттүү. Биз соода борборлорду, базарларды санитардык тазалоо үчүн жаптык. Дүйшөмбү сайын борбордук базар тазаланууга тийиш болчу, бирок буга чейин бул эрежеге көңүл бурушкан эмес. Азыр бул тартипти күчүнө киргизүү чечими кабыл алынды. Азыр эртеңки күндү ойлонуп жатабыз, балким, тетик жана буюм-тайым сатылчу базарды жабабыз. Азык-түлүк сатылган жерлердин баардыгы күндөгүдөй эле иштей берет», — дейт Талас облусунун мэри Айдар Жусупбеков.

Эске сала кетсек, Талас облусу боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 33кө жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18