24.kg
15:36, 22 июня 2020, 24.kg

Жогорку Кеңеш вируска чалдыккан депутаттардын ысымдарын жарыялоодон баш тартты

Жогорку Кеңеш илдетке чалдыккан депутаттар жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу парламенттин пресс-кызматы 24.kg агенттигине билдирди.

Такталгандай, коронавирус беш депутаттан эмес эки эле депутаттан тастыкталган. Бирөөсү «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдинов, ал бир гана  спикер Дастанбек Жумабеков менен байланышта болгон эмес. Ал эми коронавирус аныкталган экинчи депутаттын аты-жөнүн жарыяланбай тургандыгы белгилүү болду, анткени бул депутаттын купуя маалыматы. Жада калса анын кайсы фракциядан экендиги да айтылбайт.

Буга чейин СДПК фракциясынан үчөө, «Бир бол» фракциясынын бирөө жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан бир депутатынан коронавирус аныкталды деп айтылган. Бирок, “Бир бол” фракциясы бул маалыматты четке какты.

18-июнда Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18