24.kg
13:27, 22 июня 2020, 24.kg

БШК аппаратынын кызматкеринен коронавирус аныкталды

БШК аппаратынын эл аралык бөлүмүнүн кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу БШКдан 24.kg агенттигине билдиришти.

Шайлоо комиссиясынын айтымында, кызматкер изоляцияда, ал эми БШКнын аппарат кызматкерлери жана пресс-кызматы үйдөн иш алып баруу боюнча маселе каралууда. БШКнын мүчөлөрү дагы ПЦР-тест тапшырышат.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги аймактыктык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовдон коронавирус аныкталган.

Коронавирус Жогорку Кеңешке дагы жетти. 19-июнда «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдинов коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон. Ал спикер Дастанбек Жумабековдон башка бардык кесиптештери менен байланышта болгон.

Коронавирус дагы беш депутаттан аныкталганы белгилүү болду, алардын үчөө СДПК фракциясынан, «Бир бол» фракциясынын бир мүчөсүнөн жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан бирөө.

18-июнда Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18