24.kg
12:58, 22 июня 2020, 24.kg

Жогорку Кеңештин беш депутатынан коронавирус аныкталды

Оорунун белгилери байкалбаган депутаттарга акысыз тест тапшырууга тыюу салынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, эс алуу күндөрү жетимишке жакын депутат анализ тапшырган.

«Атайын клиникада калган депутаттарга оорунун белгилери байкалса гана акысыз тест тапшырууга болору айтылды. Кимдин дене табы көтөрүлбөсө, жөтөлбөсө ПЦР-тестин өз капчыгынан төлөп тапшырат», — деп айтылды парламентте.

19-июнда «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдинов коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон. Ал спикер Дастанбек Жумабековдон башка бардык кесиптештери менен байланышта болгон.

Бейшеналы Нурдинов парламентке Алмазбек Баатырбековдун ордуна келген. Экинчиси виринчи вице-премьерликке көрсөтүлгөн.

18-июнда Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталган.

Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов бүгүн маалымат жыйында тесттин жыйынтыгы боюнча бир нече депутаттан вирус аныкталганын айтты. Бирок кимдер экендиги тууралуу так айткан жок.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, коронавирус дагы беш депутаттан аныкталды: үчөө СДПК фракциясынан, «Бир бол» фракциясынын бир мүчөсүнөн жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан бирөө.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18