24.kg
12:33, 22 июня 2020, 24.kg

Кыргызстанда коронавирусту аныктоо тести үч айга жетет

Кыргызстанда коронавируска карата анализди аныктоочу тест-системасы үч айга жетет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда тест-системаны толуктоо туурасында Россия менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Ошол эле учурда, министр эпидемиологиялык себептерден улам, ар бир адамга тест тапшыруунун кажети жок экендигин белгиледи.

«Кимден анализ алыш керектигин эаидемиологдор аныктайт», — дейт ал.

«Мамлекеттик уюмдарда, министрликтерде жана мекемелерде бир-эки учур катталса баары анализ тапшырууну каалашат. Ошондуктан бизге күч келип жатат. Тилекке каршы тестти бир гана менчик лабораториядан алат, ал жакта дагы толуп калды. Ушул ай ичинде Кореядан дагы төрт аппарат алдырып келүүнү пландап жатабыз. Эгер алар орнотулган болсо лабораторияга жеңилдик болот», — дейт Сабиржан Абдикаримов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18