24.kg
11:57, 22 июня 2020, 24.kg

Рамзан Кадыров Ассоль Молдокматовага бриллиант, Карылар үйүнө акча тартуулады

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Асол Молдокматованын туулган күнүнө бриллиант белекке берди. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Facebook баракчасына жазып чыкты

Мындан бир нече күн мурун Чеченстандын президенти Кыргызстандын карылар үйүнүн биринде жашаган 81 жаштагы Данга Битаевди өлкөсүнө алдырып алган. Аны менен катар Ассоль Молдокматованы жана анын командасын чакыртып, сый көрсөткөн. Ошондой эле Рамзан Кадыров Кыргызстандагы карылар үйүнө 30 миң доллар которгон.

«Чеченстандан келип Ак-Кемеде обсервацияда жатам, ПЦР-тест тапшырдым, жыйынтыгында жакшы чыкты. Туулган күнүмдү да бул жактан тосуп алууга туура келди», — деп жазган ал Facebook баракчасына.

Белгилүү болгондой, алып баруучу обсервациядан чыккандан кийин туулган күнүн белгилөө үчүн курбулары менен Ысык-Көлгө жөнөгөн. Дал ушул эс алуу учурунда Рамзан Кадыров Асол Молдокматованын туулган күнүн куттуктоо иретинде бриллиант (комплект) жана букет гүл жибердирген.

Маалым болгондой, бриллиант белек Ассоль Молдокматова Бишкекте эмесмин дегенине карабай көлгө жеткирилип берилген.

«Мен Ысык-Көлдөмүн дегениме карабай белекти бул жака жеткиртип бердирди. Рамзан Кадыровго ыраазычылык, сиз мыктысыз! Чыныгы мырзанын сапаты!», — деп жазат Ассоль Молдокматова.

Эске сала кетсек, 21-июнь Ассоль Молдокматова өздүк майрамын Ысык-Көлдө курбулары менен белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18