24.kg
11:05, 22 июня 2020, 24.kg

Саламаттыкты сактоо министри: Үйдөн дарылаганды токтоткула

Коронавирустан каза болгондордун көпчүлүгү үйдөн дарыланып, абалы оорлошконда гана ооруканага кайрылышкан. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов билдирди.

Анын айтымында, акыркы суткада каза болгондордун үчөө тең үйдөн дарыланышкан.

«Алардын абалы оорлошкондо гана дарыгерлерге кайрылып, ооруканага келгенден бир күндөн кийин көз жумуп жатышат. Мисалы, Түптө каза болгон жаран, тоого чыгып, суук тийип ооруп калган. Ооруканага келгенден кийин эле кайтыш болду», — дейт Сабиржан Абдыкаримов.

Министр кант диабети, гипертония менен ооругандар үчүн вирус кооптуу экенин белгилеп, дарыгерге кайрылууга чакырат. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18