24.kg
10:31, 22 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Ооруканаларда орун барбы? Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу

Коронавирус жуктургандарды кабыл алуу үчүн Бишкекте кошумча мобилдик ооруканалар даярдалууда. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов билдирди.

Анын айтымында, «Манас» аэоропортунун аймагында 600 орундуу мобилдик оорукана даярдалды.

«Ал жерде баардык шарттар бар. Кээ бир корпустарда ар бир палатада санузел жайгаштырылды», — деди ал.

Министрдин айтымында, эгер керек болсо «Ак-Кеме» мейманканасы дагы ооруканага айландырылат.

«Пневмония менен ооруган бейтаптар үчүн Улуттук фтизиатрия борборунда −38, Темир жол ооруканасында — 30 жана Улуттук госпиталдын базасында кошумча 120 койко-орундуу бир бөлүм ачылган», — деп билдирди Саламаттык сактоо министри С.Абдукаримов.

Андан тышкары, Бишкекте Кыргыз-Түрк жана Республикалык инфекциялык оорукана бейтаптарды кабыл алууда. Өкмөт Бишкек шаарындагы № 1 оорукананы дагы вирус жуктургандарды дарылоого даярдоодо.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18