24.kg
18:19, 19 июня 2020, 24.kg

Айгерим Расул кызы кайрымдуулугу үчүн министрдин алкоосуна арзыды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров эстрада ырчысы Айгерим Расул кызын карантин учурунда жардамга муктаждарга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу ырчы айым Instagram баракчасына бөлүштү.

Маалым болгондой, карантин учурунда кайдыгер карабаган инсандарга сыйлык тапшырылган.

«Ардак грамота менен сыйландым. Карантин маалында кыргыз элине кайдыгер карабаган инсандарды өкмөт жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги жогору баалап «Ардак грамота» сыйлыгы менен сыйлашты. Министрибиз Кочкоров Улукбек Тойчубаевичке терең ыраазычылык билдирем. Элибизде тынчтык, ынтымак болсун!», — деп жазган.

Эске сала кетсек, буга чейин министр Улукбек Кочкоров актер Эрнис Бөрүбаевге карантин учурундагы кайрымдуулук иштери үчүн сыйлык тапшырып, министридин коомдук кеңешчиси күбөлүгүн ыйгарган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18