24.kg
16:41, 19 июня 2020, 24.kg

Улуттук банктын кызматкеринен коронавирус аныкталды

Улуттук банктын кызматкеринен COVID-19 инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук банктын пресс-кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2020-жылдын 18-июнунда Улуттук банктын кызматкеринин анализи боюнча коронавирус аныкталган. Учурда кызматкер стационардык дарылануучу жайда жатат.

«Бейтап менен байланышта болгон Улуттук банктын кызматкерлери үй карантинине жөнөтүлдү. Санитардык-эпидемиялык станциясынын адистери алардан анализ алышты. Коронавирус жуктуруп алган кызматкердин иштеген кеңсеси жана имарат дезинфекцияланды», — деп билдирет Улуттук банк.

Андан тышкары, коронавирус инфекциясын алдын алуу иретинде күчөтүлгөн тартип кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө банктын башка кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок. Улуттук банк штаттык режимде ишин улантып жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18