24.kg
15:04, 19 июня 2020, 24.kg

Президент: Бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү айып пул төлөсүн

Президент Сооронбай Жээнбеков бет капсыз, аралыкты сактабай сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнүн айыпка жыгууну талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн Коопсуздук кеңештин чакан курамынын жыйынында билдирди.

Өлкө башчысы илдетти жок деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи.

«Буга кошумча, Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек.

Сооронбай Жээнбеков.
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18