24.kg
14:18, 19 июня 2020, 24.kg

Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынан кызматкеринен вирус аныкталды

Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкеринен вирус аныкталды. Бул тууралуу анын жетекчиси Балбак Түлөбаев 24.kg агенттигине маалымдады.

Борбордук аппараттын кызматкерлеринин бири тамагы ооруп, жөтөлүп баштаганынан тест тапшырган.

«Башка симптомдору жок. Кечээ коронавирус деп чыккан, экинчи анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз», — дейт Балбак Түлөбаев.

Ал кошумчалагандай, мекеменин баардык кызматкери анализ тапшырышкан, азырынча жыйынтыгы чыга элек.

«Биз ар бир бөлүмгө бирден гана кызматкер алып калып калгандарын үйлөрүнө жөнөттүк. Анализдин жыйынтыгы менен иш алып барышат. Имаратты дезинфекциялайбыз», — деп баса белгиледи.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2 миң 789га жетти, анын 132си бүгүн катталгандар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18