24.kg
13:49, 19 июня 2020, 24.kg

Муниципиалдык кызматкерлер таланты менен таң калтырышууда

«Бишкек жашыл чарба» ишканасынын кызматкерлери жандуу ыр менен бак-дарактарды суугарышууда. Видеону 24.kg агенттине муниципиалдык мекеменин пресс-кызматы бөлүштү.

Анын айтымында, Айбек Жакашов Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияны аяктаган. Карантинге чейин ал ар кандай иш-чараларда жана тойлордо ырдачу.

«Ал жумушка чыгаарда мукам үнү менен ырдап баарынын маанайын көтөрөт. Жумушу менен талантын айкалыштырганды билет», — деп билдирет мекеменин пресс-кызматы.

Буга чейин «Тазалык» ишканасынын кызматкери Адилет Туратбек уулу бир нече белгилүү кыргыз ырларын аткарып, көпчүлүктү таң калтырган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18