24.kg
13:09, 19 июня 2020, 24.kg

Бишкекке Якутиядан жана Индиядан жалпы 180 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Якутиядан 170, Индиядан 10 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, «Якутия» абакаттамынын Якутия — Бишкек чартердик рейси менен 170 кыргызстандык мекенине кайтып келди.

«Кыргызстанга кайтып келген жарандардын тизмесинде, Якутияда билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу аялдар жана балдар, ден-соолугу начар жана өлкөгө келүүгө зарыл болгон жактар бар», — деп берилет маалыматта.

Ал эми Индиядан 10 кыргызстандык алынып келинди.

Чет өлкөдөн келген жарандардын баары обсервацияга алынып, тийиштүү медициналык процедурадан өтүшүүдө.

Индия тарап 16-июндан 28-июнга чейин Индия жарандарын мекенине кайтаруу максатында Кыргыз Республикасынан бир катар чартердик учууларды жүргүзүүнү пландаштырууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18