24.kg
11:34, 19 июня 2020, 24.kg

Коронавирустан каза болгон адамдын жүрөк оорусу да болгон

Коронавирустун айынан 55 жаштагы бир адам каза болду. Ал буга чейин жүрөк оорусу менен алышып келген. Бул туралуу Республикалык штабдын маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтап 30-майда дене табы көтөрүлүп медициналык мекемеге кайрылган.

«Кечээ каза болгон 55 жаштагы эркек бейтап Кыргыз-Түрк достук ооруканасына 7-июнда келип түшкөн. Анда эки тараптуу пневмания жана дем алуу жетишсиздиги, ошондой эле бейтапта мурда коштоп жүргөн жүрөк оорусу болгон. Буга чейин ал 25-майда бээнин сүтүн ичүүгө тоого барган, 30-майда дене дабы көтөрүлүп, шаарга келип медициналык мекемеге кайрылган», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Маалым болгондой, бейтапка бардык дарылоо жана реанимациялык шарттар колдонулганына карабастан кечээ көз жумган.

Эске сала кетсек, коронавирустан каза болгондордун саны 32ге жатти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18