24.kg
11:23, 19 июня 2020, 24.kg

Сузакта кордолгон аялдын уулу атасын жактоодо

Сузак районунун Бек-Абад айылында күйөөсү тарабынан кордолгон аялдын уулу атасын жактоодо. Бул тууралуу «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынында ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, жабыркаган аял кыйноо боюнча жөнүндө даттанган жок.

«Ал кимдир бирөө тарабынан кысым көрсөтүлгөндүгү тууралуу арызданган жок. Алардын Ош шаарында котормочу болуп иштегегн чоң уулу бар. Ал атасы тарапты жактоодо. Бирок биз эч нерсеге карабай ишти сотко өткөрөбүз», — дейт Алмазбек Орозалиев.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда күйөөсү аялынын эки колун таңып, дөңгөлөк байлап, жаакка чаап, башынын ылдый суу куюп сабаган видеосу тараган. Аны менен катар бул көрүнүштү видеого тартууну буюрат. Соттун чечими менен ал 15 күнгө камакка алынган.

Көп өтпөй аялы күйөөсүнө эч кандай дооматы жок экенин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Кылмыш-жаза кодексинин «Кордоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18