24.kg
11:05, 19 июня 2020, 24.kg

Ретро-клип. Чыпалак баатыр Болот Миңжылкиевдин образында

Чыпалак баатыр деген каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов Болот Миңжылкиевдин аткаруусундагы Рыспай Абдыкадыровдун «Издейм сени» ырын ырдап, ретро-клип тартты. Клип социалдык тармакка жүктөлгөн.

Ретро-клипте чыпалак баатыр белгилүү ырчынын образын жараткан. Андан сырткары белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл алма» чыгармасынын негизинде тартылган фильмдин айрым кадрларын байкоого да болот.

Эске салсак, Зарылбек Аликенов социалдык тармактарга өзүнүн видеолорун байма-бай жүктөп, активдүү колдонуучу катары белгилүү. Ал чыпалагы менен оор салмактагы жүктөрдү көтөрүп, өзүн «21-кылымдын Кожомкулумун» деп атаган жайы бар. Мындан сырткары мушкер Хабиб Нурмогамедовго «өзүңдү Конор Макгрегорду жеңип жеңүүчү сезбе. Биринчи менин чыпалагымды жең, кыйын болсоң чыпалагың менен унааны сүйрөп, 2 фляга суу ташы»- деп чакырык таштаган болчу.

Чыпалак баатырды колдогон күйөрмандары аны «азаматсың» деп сүрөп турушса, айрымдар анын кылыгын жосунсуз деп сындап келишет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18