24.kg
10:28, 19 июня 2020, 24.kg

Бир сутка ичинде 24 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде 24 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдын маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы сутка ичинде коронавируска чалдыккан дарыгерлердин көбү Чүй облусунда катталды.

Бишкек шаарында — 7, Чүй облусунда — 8, Ош шаарында — 3, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда — 3, Талас облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 1 учур.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Кыргызстан боюнча жалпы медициналык кызматкерлер арасында 533 учур катталды, алардын ичинен 381 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18