24.kg
16:44, 18 июня 2020, 24.kg

Өнөр адамдары Малик Аликеевге 90 миң сом акчалай жардам көрсөтүштү

«Мөлмөлүм» аттуу ыры менен эл оозуна алынган ырчы Малик Аликеевга шоу-бизнес өкүлдөрү материалдык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева Instagram баракчасына бөлүштү.

Буга чейин Айчүрөк Иманалиева жеке баракчасы аркылуу Малик Аликеев буту ооруганына байланыштуу баса албай калгандыгын жана ага материалдык жардам керек болуп жатканын жазып чыккан.

Белгилүү өнөр адамдары баш болуп чогултулган акчанын суммасы 90 миң сомду түзгөн.

«Коронавирус пандемиясынан кийинки кыйын кырдаалга карабай, бул өнөр адамдарынын чогулткан акчасы 90 миң сом болду. Керегиңе жарап берет деген тилектебиз. Батыраак айыгып эртерээк биздин арабызга кошул», — деп айтылат видеодо.

Эске сала кетсек, ырчы Малик Аликеев Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18