24.kg
15:58, 18 июня 2020, 24.kg

Азамат Болгонбаев: Аялыңа кылган мамилең кызыңа кайтар бир кезде!

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын саны күн сайын өсүүдө. Биринин күйөөсү өрттөйт, экинчисиники бычак менен кордойт ал эми үчүнчүсү эки колун таңып алып мойнуна дөңгөлөк байлап ур-токмокко алат. Бул бир гана зомбулуктун курмандыктары үчүн эмес өлкө үчүн да коркунуч туудурууда.

Өлкөдөгү кордолуп жаткан аялдарга арнап төкмө акын Аазамат Болгонбаев комуздун коштоосунда эркектерге чакырык жасады. Ал видеону өзүнүн Instagram баракчасына жүктөгөн.

Акындын ыр сабында жигиттин уяты болсо жубайын кадырлап, сыйлашы керек. Себеби жубайын кордогону өз кызын кордогону деген маанини камтыйт.

Төкмө акын Сузак районунда аялынын мойнуна дөңгөлөк илип алып сабаган эркектин видеосуна таасирленип, мындан кийин андай окуя кайталанбашын алдын алуу иретинде жалпы эркектерге кайрылуу катары ырдаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18