24.kg
14:48, 18 июня 2020, 24.kg

Бишекте чакырууга бара жаткан тез жардам унаасын КамАЗ сүзүп кетти

Бишкекте болуп өткөн жол кырсыктан улам Ыкчам медицина борборунун кызматкерлери жабыркашты. Бул тууралуу жол кырсыктын күбөлөрү 24.kg агенттигине маалымдашты.

Алардын айтымында, жол кырсык Бишкек шаарындагы Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 13:40 чамасында болгон.

Белгиленгендей, тез жардам унаасы чакыруу боюнча бара жатканда КамАЗ сүзүп кеткен.

Тез жардам унаасы кызыл күйүп турганда өтүп бараткан. Капталынан унаа сүзгөндө светофорго барып кептелип калган.

Окуя болгон жерде калаадагы Патрулдук башкармалыктын кызматкерлери иш алып барышууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18