24.kg
14:31, 18 июня 2020, 24.kg

Күйөөсү тарабынан барымтага алынган аял комага түшүп калды

Күйөөсү тарабынан барымтага алынып жаракат алган аял комага түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине башкы дарыгер Алмазбек Анарбеков маалымдады.

Анын айтымында, жаракат алган аялдын абалы оор.

«Аны жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырдык, кан басымын дарынын жардамы менен кармап турабыз. Ал үч жеринен жаракат алган: мойну, акыреги жана акырегинин үстү жагы», -дейт Алмазбек Анарбеков.

Эске сала кетсек, Бишкекте кечээ болжол менен саат 19:50дө Дэн Сяопина көчөсүндө 36 жаштагы киши мас абалында кызганычтан улам аялын бычак менен барымтага алган. Аялды куткарууга аракет кылгандарга бычак шилтеп, эч кимди жолотпой койгон. Учурда териштирүү иши жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18