24.kg
14:09, 18 июня 2020, 24.kg

Милициянын кыйноосуна чыдабаган жаран колдорун кесип салды

Бишкектеги ИИБдин убактылуу кармоочу жайында кыйноого туш болгон дагы бир жаран арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Улуттук кыйноолор боюнча алдын алуу борборуна кайрылуу келип түшкөн.

Укук коргоочунун айтымында, ал алгач кармалганга чейин сабалганын тастыктаган. Андан соң Жал кичирайонунда аны алып барган жайдан сабашкан. Кармалган адамды күнөөлөрүн мойнуна алдыруу үчүн ур-токмокко алышкан.

«Жабырлануучунун айтымында милиция кызматкерлери башына баштык кийгизип тумчуктурушкан андан соң желим бөтөлкөгө суу толтуруп алып башка чабышкан» , - деп билдирди борбордун кызматкери.

Белгиленгендей, кармалган адамды санкцияга алып чыгып жатканда нааразычылык иретинде өзүнүн колдорун кесип салган.

«Тийиштүү материалдар менен кошо арыз текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүлдү», — деп кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18