24.kg
13:26, 18 июня 2020, 24.kg

Нурсултан Назарбаевден коронавирус аныкталды

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Елбасы маалыматтык агенттиги жазып чыкты.

Белгиленгендей, Нурсултан Назарбаев жумушун үйүндө улантат.

 «Азыркы учурда Казакстандын мурдакы президенти Нурсултан Назарбаев өзүн-өзү изоляциялоодо. Тилекке каршы анын кононавируска карата тапшырган соңку тестинин жыйынтыгынан вирустун симптомдору аныкталды. Тынчсызданууга эч кандай негиз жок», -деп берилет маалыматта.

Нурсултан Назарбаевден сырткары, Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев дагы вирус жуктуруп алды. Ал үйдөн иштөөдө. 

 

Казакстанда акыркы сутка ичинде 335 жаңы учур катталды.

Эске сала кетсек, Казак өкмөтү эс алуу күндөрү карантиндик тартипти катуу сактоону күчүнө киргизген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18