24.kg
12:48, 18 июня 2020, 24.kg

IPCA дүйнөлүк онлайн-шахмат чемпионаттык оюнуна Кыргызстандан экөө катышты

Ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында уюштурулган IPCA дүйнөлүк онлайн-чемптонаттык шахмат оюнуна Кыргызстандан эки оюнчу катышты. Бул тууралуу Кыргызстандагы Шахмат федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, онлайн-чемпионат 16-17-июнда болуп өткөн.

«Онлайн-шахмат чампионатына ар кайсы өлкөдөн, ар кандай курактагы 124 оюнчу катышты. Турнир швейцария системасы боюнча 9 турдан өттү. Кыргызстандан катышкан оюнчулар турнирдин жыйынтыгы боюнча Тилеген Рахатбеков 39-орунду, Дария Кудайназарова 93-орунду ээледи», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, кийинки шахмат боюнча чемпионат октябрда Израилде өтөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18