24.kg
10:05, 18 июня 2020, 24.kg

Бишкекте аялын барымтага алып, бычак сайган адам кармалды

Бишкекте кечээ болжол менен саат 19:50дө Дэн Сяопина көчөсүндө 36 жаштагы киши мас абалында кызганычтан улам аялын бычак менен барымтага алган. Аялды куткарууга аракет кылгандарга бычак менен шилтеп, эч кимди жолотпой койгон. Бул тууралуу Бишкектеги ИИБдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, укук коргоочулар ал киши менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан, колундагы бычакты таштоосун суранышкан, бирок ал эч кимисин уккан эмес. Милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев анын колундагы бычакты уруп түшүрүп аялды куткарып калган. Андан соң аны кармап кетишкен.

«36 жаштагы С.К. аттуу жаран мас абалында кармалып Биринчи май райондук ИИБге жеткирилди. Аялы жаракат алган, ал ооруканага жеткирилди. Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды жана экспертиза жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18