24.kg
09:40, 18 июня 2020, 24.kg

Милиция кызматкерлери кош бойлуу аялга кыйноо көрсөткөн деп айыпталууда

Кыйноолорго каршы коалициясы милиция кызматкерлеринин кыйноолорунан жапа чеккен Наргиза Ражапованын билдирүүсүн таратты.

Наргиза Ражапова, Ош шаардык ИИБнин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө карата жалган жалаа менен айыпталып, укук коргоо органдары тарабынан өзүнө, жолдошуна, инисине жана 17 жаштагы баласына кыйноо көрсөтүлүп жатканын билдирген.

«Башыма этилен пакетин кийгизип, колу-бутума чаап, тырмактарымдын алдына ийне менен сайып, пивонун бөтөлкөсү менен зордукташты. Менин боюмда бар болчу, алардын кыйноосунан улам эгиз балдарымдан айрылдым», — деп жазылат арызда.

Күнөөлүүлөрдүн бири да жазаланган эмес, кыйноо боюнча тергөө токтотулган.

Коалиция белгилегендей, 2018-жылдын 28-мартында Башкы прокуратура түштүк борбордогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кыйноо жана мыйзамсыз камакка алуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иши УКМКга тапшырылган. Бирок, тергөө иши токтотулгандыгы белгилүү болгон.

2020-жылы Ош шаардык соту УКМКнын тергөөчүсүнүн Наргиза Ражапованы кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жөнүндөгү негизсиз чечимин жокко чыгарган. Учурда иш сотко өткөрүлдү, күбөлөрдү суракка алуу жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18