Ысык-Көлдө чоң көлөмдөгү мөндүр жаап өттү
Ысык-Көлдө бүгүн буурчак көлөмүнөн чоң мөндүр жаап өттү. Бул туралуу 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдады.
«Бактуу-Долоноту айылында саат 17:00 чамасында тоо тараптан кара булут каптап келип, көп өтпөй мөндүр жаап баштады. Келтирилген зыяндарды эсептеп чыгуу керек», — деп жазган окурман.
Кандайдыр бир окуяларга күбө болсоңуз 24.kg агенттигине 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp же Telegram жөнөтсөңүз болот.