24.kg
15:54, 17 июня 2020, 24.kg

Kozu Grill кыз ала качууга үндөгөн жарнамалык ролик тартты

Kozu Grillдин жаңы тартылган жарнамалык чакан тасмасында кыз ала качуу чагылдырылган. Чакан тасма актер Азамат Исмаиловдун жана компаниянынын өздүк Instagram баракчаларында жүктөлгөн.

Тасманын сюжетинде жаш жигит жаңы эле таанышкан кызды үйүнө ала качып келет. Уулунун бул кылганына атасы каршы болуп, апасы экөө сүйлөшүп баш кошкондорун айтат. Андан соң атасы уулун кандай учур болбосун кудалары менен сүйлөшөм деп жоошкотот.

Кыздын атасы келип кызын алып кетүү каршылыгын көрсөтөт, бирок козу грилди татып көргөндөн кийин кызынын отурбайм дегенине карабай эт жеп, макул болуп калганы чагылдырылат.

«Козунун этин жеп отуруп көп маселени чечсе болот экен», — деп жазган Азамат Исмаилов.

Эске сала кетсек, чакан тасмада Азамат Исмаилов кыздын атасынын ролун аткарган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18