24.kg
14:04, 17 июня 2020, 24.kg

Алтынчы микрорайондогу өрттөн каза болгон маркумдун өздүгү такталды

Бишкек шаарындагы 6-кичи районунда өрттө каза болгон маркумдун өздүгү такталды. Бул тууралуу ИИБден маалымдашты.

Маалымат боюнча, өрттөн 25 жаштагы жигит каза болгон. Маркум тез тамактануучу жайда иштеген-иштебегендиги тууралуу милиция кызматкерлери тактай алышкан эмес. Буга чейин каза болгон жаран тандырда иштеген деп маалымдашкан.

Маалым болгондой, тез тамактануучу жайды 31 жаштагы жаран ижарага алып иштетип келген. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

Милиция кызматкерлери, окуя Октябрь районунун ИИБне Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «261-өрт коопсуздугун бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатканын билдиришти.

Эске сала кетсек, 15-июнда болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек шаарынын 6-кичирайонундагы «Шаурма на мангале» тез тамактануучу жайынын тандыр самса жана нан бышырган бөлүгүнөн өрт чыккан. Өрт бир саатка созулуп, алты өрт өчүргүч барган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18