24.kg
11:57, 17 июня 2020, 24.kg

Дүйнө калкы 22 пайызы коронавирусту оор көтөрүшү мүмкүн

Окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, коронавирус дүйнө элинин 1,7 миллиардынын саламаттыгына коркунуч жаратат. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Лондондун гигиена жана тропикалык медицина мектебинин окмуштууларынын пикиринде, дүйнө калкынын 22 пайызында коронавирус жуккандан кийин оорлошуп кете турган илдеттери бар.

«Көптөгөн өлкөлөрдө карантиндик чектөөлөр алынганы менен, бийликтегилер эң алсыз жарандарды вирустан коргоого аракет кылышууда. Биз катуу ооруга чалдыгып калуу тобокелчилиги бар адамдарды коргой турган чараларды иштеп чыгууга эсептөөлөрүбүз оң таасирин берет деп үмүттөнөбүз», — дейт окмуштуу Эндрю Кларк.

Издилдөөнүн авторлорунун айтымында, дүйнө калкынын 4% ы гана (7,8 миллиарддын 349 миллион адамы) ооруканага жаткырууну талап кылышы мүмкүн.

Ушундан улам илдетке чалдыккан адамдардын көпчүлүгү, алардын көп экендигине карабастан COVID-19 вирусунун өрчүү тобокелчилиги анчалык деле олуттуу эмес деп болжолдошу мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18