24.kg
10:45, 17 июня 2020, 24.kg

Росииянын Кызыл аянтында өтө турчу парадга 13 миңден ашык аскер катышат

Россияда өтө турган Жеңиш парадына катышуу үчүн 12 мамлекеттен аскерлер барды. Бул тууралуу Россиянын РИА Новости сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, парадка жалпысынан 13 миңден ашык аскер катышат. 234 заманбап жана аскер техникалары тартылат.

Эскерте кетсек, жыл сайын 9-майда салтанаттуу белгиленген «Өлбөс полктун» жүрүшү быйыл коронавируска байланыштуу 24-июнга жылдырылган. Ага Кыргызстандан дагы аскерлер катышат.

Парадда Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдавия, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринин өкүлдөрү болот. 



Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18