24.kg
10:14, 17 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Бир күндө 90 кишиден вирус аныкталды

17-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 90 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында — 36, Чүй облусу — 29, Ош шаарында — 7, Ош облусунда- 6, Баткен облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 3, Талас облусунда- 6 киши вирус жуктурду.

«Жаңы катталгандардын 13 пайызы сырттан келгендерден аныкталды. Тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор — 42 адам (47%). Дагы 36 кишим (40 пайызы) кайдан жуктурганын билбейт», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 2 миң 562ни түздү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18