24.kg
09:52, 17 июня 2020, 24.kg

Бишкекте велосипед менен батутту ижарага берүү пункттары убактылуу токтотулду

Бишкекте батуттарды жана велосипеддерди ижарага берүүчү жайлар менен ар кандай түрдөгү майда-барат жеке сатыктар токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койгон.

Ыйгарым укуктуу органдын атайын буйругунун жана борбордогу эпидемиологиялык абалды жакшыртуудан кийин ишкерлер ишин уланта алышат.

Шаардык мэрия ыйгарым укуктуу органдын чечимин, буйругунун же талабынын аткарылыш тартиби бузулгандыгы үчүн ишкерлер жоопко тартылышы мүмкүн экендигин белгилейт (Мыйзам бузуу кодекси).

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18