24.kg
09:48, 17 июня 2020, 24.kg

Мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов Аалымдар кеңешинен чыкты

Мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов Аалымдар кеңешинен чыкты. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Ал өз эрки менен кызматты тапшырып жатканын белгилейт.

«Учурдан пайдаланып урматтуу Аалымдар кеңешинин төрагасынан жана жалпы мүчөлөрүнөн пендечилик кылып кемчилик келтирсем, көңүл ооруткан болсом үзүр сурайм», — дейт ал.

Социалдык тармактын колдонуучулары мурдакы муфтийдин бул кадамын алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоо менен байланыштырууда.

Photo 167374

Белгилей кетсек, Аалымдар кеңеши Кыргызстан Мусулмандар курултайынан кийинки жогорку органы болуп саналат. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн курултай тарабынан бекитилген «Аалымдар кеңеши жөнүндөгү Жобонун» негизинде алып барат. Курамында 21 диний ишмер бар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18