24.kg
17:46, 16 июня 2020, 24.kg

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнө соңку сөзүн айтып, ийгилик каалады

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн курамы менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Мухаммедкалый Абылгазиев министрлер кабинетине кызматтан кетүүсүнүн себептерин түшүндүрдү. 

«Акыркы мезгилде өкмөттүн, анын ичинде менин атыма фактылар менен тастыкталбаган сөздөр айтылып кетти. Бул мени катуу тынчсыздандырды. Сын-пикирлер өкмөттүн атына дайыма айтылып келген, бирок өкмөттүн кадыр-баркына, аброюна шек келтирген далилсиз сөздөр мени ойлондурду. Дагы бир ирет өзгөчө белгилегим келет, менин жыштыктар боюнча иштерге эч кандай тиешем жок! Бирок мамлекеттик кызматтын этикасын сактап, коронавируска байланышкан кризистин маалында аткаруу бийлигинин көңүлү бир жерге топтолушу үчүн ушул чечимге келдим», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Экс-премьер-министр кыргыз элине ак кызмат кылуу анын эң биринчи принциптеринин бири экенин кошумчалап, баардык кыргызстандыктарга, Сооронбай Жээнбековго жана өкмөт мүчөлөрүнө, спикер Дастан Жумабековго ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күндө альтернативадан башка реформа жок. Биз мамлекеттин баардык түзүмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн экономикалык милдеттерди чечүүгө багытташыбыз керек. Мен демилгеленген тутумдагы өзгөрүүлөр улана берет деп ишенем», — деди мурдакы премьер-министр. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18